Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын төрагалыгы астында "Тескей" геопаркын түзүү маселелери боюнча жыйын өттү.
Жыйынга Балыкчы шаарынын мэри, Жети-Өгүз жана Тоң райондук мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери, ошондой эле демилгелүү топтун, тиешелүү кызматтардын жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Бул иш-чара Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Беш жылдык аракеттердин 2023-2027-жылдарга карата Жол картасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Динара Кемелова жакында геопарктар жөнүндө мыйзам кабыл алынганы жана Кыргызстанда геопарктарды түзүүнүн өлкөнүн тоолуу аймактарын туруктуу өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгү тууралуу айтып берди.
Иш-чаранын катышуучулары демилгелүү топтун бет ачар маалыматы менен таанышып, "Тескей" геопаркын түзүү демилгесин ишке ашыруунун алдыдагы кадамдарын жана иш жүзүндөгү аспектилерин талкуулашты. Ошондой эле тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүү максатында мамлекеттик органдар менен жергиликтүү коомчулуктардын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.