"Ысык-Көл кубогу – 2026" эл аралык ат чабыш мелдеши өттү

Спорт 22 Июль 2026 09:20
1.jpg
750585962_1052652833774600_1871413458339004620_n.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
750585962_1052652833774600_1871413458339004620_n.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Күн мурун Ысык-Көл облусунда эл аралык ат чабыш боюнча "Ысык-Көл кубогу – 2026" республикалык мелдеши өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Иш-чарага агенттиктин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев катышып, улуттук ат спортун өнүктүрүү, кыргыз элинин бай тарыхый-маданий мурасын сактоо жана жаш муунга жайылтуу мамлекет үчүн маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи.

Мелдештин программасына аламан байге, топ байге, кунан байге, кыска аралыктагы ат чабыш жана чоң жорго жарышы кирди. Жарыштарга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жана Казакстандан келген күлүктөр жана чабандестер катышып, күч сынашты.

Мелдештин алкагында жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ал эми баш байгелер катары Toyota Camry 80 жана Changan үлгүсүндөгү унаалар ойнотулду.