"Ысык-Ата" санаторийине биздин жарандардан тышкары Казакстан, Россиядан да эс алуучулар келүүдө - Кадыркулов

Интервью Загрузка... 29 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Султан Досалиев жана Ысык-Ата курортунун архивинен

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. 2024-жылдын 17-декабрында Чүй облусундагы "Ысык-Ата" санаторийи оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндөн кийин ачылган. Санаторий Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азияда ысык суулары менен белгилүү болгон курорттордун катарына кирет. Тоо койнундагы санаторий Бишкек шаарынан болгону 78 чакырым алыстыкта жайгашкан. "Кабар" агенттиги "Ысык-Ата" санаторийинин директору Рустам Кадыркулов менен эс алуучуларга түзүлүп жаткан шарттар туурасында баарлашты.

- "Ысык-Ата" санаторийине жетишерлик көңүл бурулбай калганы, имараттарынын авариялык абалга келгени коомчулукта айтылып келген. Башка санаторий-курорттук жайларга катарлаш эле сиздердин санаторийде да былтыр жаңылоо иштери жүрдү. Бүгүнкү күндө кандай шарттар түзүлдү?

- Өзүңүздөргө маалым болгондой, президентибиз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен, президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Тургунбековичтин жеке көзөмөлүндө биздин санаторий реконструкциядан толук кандуу өтүп жатат. 12 а-фрейм заманбап үйлөрү курулган, эски 7 имарат толугу менен бузулуп, ордуна жаңы коттедждер курулууда. Азыр капиталдык ремонттон өткөн эки чоң жатакана бар, алардын бирөөсү эки кабаттан, экинчиси үч кабаттан турат. Санаторийибиздеги бейтапкана буга чейин абдан оор абалда болчу. Азыр ичи толугу менен жаңыланды. Ылай менен дарылаган, ванналар коюлган жерлер 100 пайыз оңдолду. Бейтаптарга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүү үчүн дарылоого керектүү делген жабдууларды сатып алдык.

- Санаторийге дарыланууга келгендерди кабыл алып жатасыздарбы?

- Дарылоо бөлүмдөрүндө кызматтарды көрсөтүү иштери баштала элек болчу. 1-февралдан тарта дарыланууга келгендерди кабыл алууга даярдыктарды көрүп жатабыз. Чет өлкөдөн сатып алып жаткан жабдууларыбыз четинен келип жатат. Бүгүн да акыркы жабдуулардын бири келди.

- Пайдаланууга берилген имараттар эки айга чукул убакыттан бери иштеп жатат. Эс алуучулардын агымы кандай болууда?

- Ачылгандан бери 2500дөн ашык эс алуучу келди. Оңдоло элек кезде санаторийге кыш мезгилинин ушул айларында 500дөй гана киши келиптир. Бүгүнкү күндө эс алуучулардын саны 4-5 эсеге өстү. Эми саналуу күндөн соң дарылоо иштери башталса келгендердин саны мындан да жогорулайт деп ойлоп жатабыз. Санаторийге өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жарандарыбыз келип жатат. Коңшу Казакстандан, Россиядан бери келген конокторубуз да бар. Алар жакшы ой-пикирлерин айтып, жаратылышыбызга суктанышууда.

- Санаторийдеги баалар боюнча айтсаңыз, жеткиликтүү эле баалар коюлдубу?

- Бир күнгө бир кишиге стандарттык номер эртең мененки тамагы менен 1300 сомдон жогору. Ал эми дарылоо иштери башталгандан кийин алардын баалары коюлуп, бекитилет. А-фрейм үйлөр бир күнгө 7500 сомдон берилет. Анын ичине 4 кишинин эртең мененки тамактануусу да кирет. А-фреймдерде эс алгандар үчүн термалдык суусу менен атайын бассейн бар. Эс алуучулар үчүн санаторийибизде мындан тышкары дагы 4 бассейнибиз бар.

- Учурда санаторийдин аймагында курулуш иштери жүрүп жатабы?

- Апрель-май айларында бардык санаторийдеги имараттар пайдаланууга берилет. Учурда 100 кишиге ылайыкталган дагы эки корпусубуз, 300 орундуу ашкана, аянты 400 чарчы метрди түзгөн кафе курулуп жатат.

WhatsApp Image 2025-01-29 at 12.13.50.jpeg