Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы жаңы "Ырыс Ордо" конгресс-борбору ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздалды.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын маалыматына ылайык, борбор калаадагы ири объекттин электр инфраструктурасын камсыздоо үчүн 11 чакырымдан ашык заманбап кабель чубалгылары тартылды.
"Аталган иштер жаңы конгресс-борбордун электр энергиясына болгон керектөөсүн ишенимдүү камсыздоого жана объекттин үзгүлтүксүз иштөөсүнө шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.