Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытай кошуна гана эмес, стратегиялык өнөктөш өлкөлөр болуп саналат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде кытай таануучу Айболот Айдосов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтык мамиленин жаңы деңгээлге чыгып жатканын көрүүдөбүз.
“Эки тараптуу чоң аракеттердин, кызматташуунун натыйжасында эки өлкөнүн ар тармактуу мамилеси сапаттуу, терең деңгээлге жетти. Ар кандай көрүнүштөр, кырдаалдар орун алган азыркы дүйнө коомчулугунда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты “туруктуулук аралы” катары бааласак болот. Учурда Борбордук Азия аймагы чоң инвесторлорду кызыктырган, инвестиция салууга ыңгайлуу, стабилдүү аймак болууда. Бул багыттан алып караганда Кыргызстан актуалдуу негизги орунда турат деп айтууга болот”, - деди Айдосов.
Ал эми акыркы 30 жылдык тарыхыбызда эң негизги жетишкендик катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы экенин кытай таануучу белгиледи.
“Учурунда бул темир жол куруу долбоорун президент Аскар Акаев, андан кийинки президенттер да ишке ашырууга аракет кылышкан. Бирок, долбоорду ишке ашыруу азыркы бийликке буйруп, 3 жылдын ичинде ишти баштоого жетишти. Албетте, бул долбоорду ишке ашыруу эбегейсиз аракетти, эмгекти, сүйлөшүүлөрдү талап кылды”, - дейт ал.
Учурдагы президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында темир жолдун курулушу фундаменталдуу темалардын бири болуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан да бекемдөөгө өбөлгө болоорун Айдосов кошумчалады.