Uzbekistan Airways Европага каттамдарынын багытын өзгөрттү

Борбор Азия Загрузка... 30 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-29 at 13.09.45.jpeg
copyright icon "Өзбекстан аба жолдору" авиакомпаниясынын басма сөз кызматы

Ташкент, 30.01.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. 20-январдан тарта "Өзбекстан аба жолдору" авиакомпаниясы Европа өлкөлөрүнө каттамдарынын багытын өзгөрттү, мындан ары алар Россиянын үстүнөн учпай калышты. Бул тууралуу компаниянын төрагасы Шухрат Худайкулов күн мурун авиакомпаниянын 33 жылдыгына арналган маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим Европалык авиациялык коопсуздук агенттигинин (EASA) Россиянын европалык аймагынын үстүнөн учуулардын коопсуздугу боюнча акыркы отчетунун негизинде кабыл алынган. Эми "Өзбекстан аба жолдорунун" каттамдары түштүк тараптан Азербайжан жана Түркия аркылуу өтөт.

"Албетте, бул учууну бир тарапка 30-40 мүнөткө узартат жана компания үчүн кошумча чыгымдарды алып келет. Ага карабастан, биз тарифтерди көтөргөн жокпуз, анткени бул форс-мажордук кырдаал жана бул үчүн жүргүнчү жооптуу болбошу керек", - деп айтты Худайкулов.

Маршруттун өзгөрүшү 2024-жылдын 29-декабрында болгон AZAL учагынын кыйрашына байланыштуубу деген суроого, бул жөн гана сактык чаралары жана кандайдыр бир деңгээлде учууну оптималдаштыруу деп жооп берди.

Анын айтымында, учурда Украинанын аймагы жана Россянын европалык бөлүгү кооптуу зоналар, ал эми Азия багытында - кээ бир тоолуу аймактар, анын ичинде аба ырайынын шарттарына байланыштуу жагдайлар да болот.

"Бардык каттамдарда авиакомпаниянын башка ташуучулар сыяктуу эле альтернативдүү же резервдик багыттары бар", - деп кошумчалады авиакомпаниянын төрагасы.