Узап бараткан жылда Кыргызстандын курулуш тармагындагы көрсөткүчтөр жогорку чекке жетти. Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы боюнча, Кыргызстан 2025-жылдын башынан тартып ЕАЭБ алкагында курулуш иштеринин көлөмү жогорулаганын көрсөттү. Жалпысынан биримдиктеги өлкөлөрдө курулуш иштери 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 4,5 пайызга өскөн. Курулуш иштеринин көлөмүнүн өсүшүндө биринчи орунду Кыргызстан 28,6 пайыздык көрсөткүчү менен ээлеп, андан кийин Армения 28,3%, Казакстан 15,1%, Беларусь 9,5% жана Россия 4% түздү. Бул өлкөдө инфраструктуралык өнүгүүгө, инвестиция тартууга жана шаар куруу саясатына өзгөчө көңүл бурулуп жатканынан кабар берет.

Жыл башынан бери жалпы 668 объект курулду
Быйыл өлкө аймагында жалпысынан 668 объекттин курулушу жүрдү. Ага республикалык бюджеттен 15,5 млрд сом бөлүнгөн. Курулуш тармагындагы иштер рекорддук көрсөткүчтү көрсөттү. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Кабар” агенттигине билдирген. Ал белгилегендей, курулуш объекттеринин 300гө жакынынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

Социалдык объектилердин курулушу:

Курулушу жүргөн социалдык маанидеги объекттердин санына көз чаптырсак:
- мектеп – 102;
- бала бакча – 32;
- саламаттык сактоо мекемеси – 11;

Ошондой эле башка багыттардагы курулуштар да бар. Алардын ичине спорттук жайлар, маданий мекемелер, административдик имараттар жана башкалар кирет.
2025-жылдын 11 айында 4 662 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду
Мамлекет жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо ишин да алдыга жылдырууда. Мамлекеттик ипотекалык компания "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашырууда рекорддук натыйжаларга жетишип жатат. Аталган компаниядан “Кабар” агенттигине маалымдашкандай, жыл башынан бери (11 айда) 4 662 үй-бүлө батирлердин ачкычтарын алышты.

Бүгүнкү күндө программанын алкагында республика боюнча, жалпы аянты 4,7 млн чарчы метрди түзгөн 73 миң 357 батирден турган 974 көп батирлүү үйдүн курулушу жүрүп жатат.

“Жыл сайын калк 100 миң адамга көбөйө турган болсо, анда биз жылына 1,5 млн чарчы метр турак жай куруп берүүбүз керек. Бул минималдык көрсөткүч. Дүйнөлүк стандартка карай аракет кылышыбыз керек” ,- деген Нурдан Орунтаев.
Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев ушул жылдын аягына чейин дагы 1080 батир толук бүтүрүлүп, пайдаланууга берүү пландалып жатканын айткан. Ошондой эле ал "Мурас" комплексиндеги калган блокторду келерки жылдын аягына чейин толук бүткөрүү пландалып жатканын баса белгилеген. Натыйжада аталган турак жай комплексинде жалпы 4 754 батир курулат.
Ал эми жаңырган жылы өлкө боюнча 20 миңдей батирлерди кезекте турган жарандарга берүү пландалууда.

Күн мурун Бишкекте “Теңир-Тоо жарыгы” жана “Тянь-Шань Бермети” турак жай комплекстеринин курулушу башталды. Абдрахманов көчөсү 220 дарегинде “Теңир-Тоо жарыгы” долбоорунун жалпы жер аянты 12 миң чарчы метрди түзөт. Долбоор 23-34 кабаттуу 4 блоктон турат. Комплекстин алкагында жалпы аянты 23 000 чарчы метрге жеткен, бийиктиги 120 метр болгон заманбап соода борборун куруу пландалууда. Ошондой эле улуттук колоритти чагылдырган мейманкананын курулушу каралган. Имараттардын төмөнкү кабаттарында коммерциялык жайлар, ресторандар, соода түйүндөрү жана жашоо үчүн зарыл болгон сервистик кызматтар жайгашат. Долбоордун өзгөчө элементи катары 70 метр бийиктикте жайгашкан имараттарды туташтыруучу аэроклуб каралган.

Ал эми “Тянь-Шань Бермети” аттуу жаңы заманбап турак жай комплекси 11 блоктон турат. Батирлердин жалпы аянты 105 600 чарчы метрди түзөт. Бардык мунаралар бирдиктүү архитектуралык стилде долбоорлонгон. Комплекс пайдаланууга берилгенден кийин анын батыш жана түштүк тарабында коммерциялык жайлар ишке кирет. Алардын катарында соода объектилери, ресторандар, кызмат көрсөтүү борборлору, кинотеатр жана эс алуу зоналары болот. Мындан тышкары, жогорку кабаттарда бассейн жана жашыл бакча жайгаштырылат.