Үрүмчүдө ШКУ өлкөлөрүнүн ММКларынын кызматташтык форуму өтүүдө

Коом Загрузка... 23 Май 2025 21:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. Бүгүн, 23-майда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районунун борбору Үрүмчү шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн маалымат каражаттарынын кызматташтык форуму башталды. Иш-чараны Кытайдын алдыңкы гезити «Жэньминь жибао» жана Синьцзян-Уйгур автоном районунун элдик өкмөтү уюштурду.

Форум Синьцзян эл аралык көргөзмө борборунда өтүп жатат жана ага 26 өлкөдөн келген 200дөн ашуун маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги да катышууда. Ошондой эле Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, аймактын жетекчилери жана кытайлык ири компаниялардын топ-менеджерлери катышууда.

Форумдун негизги темалары болуп ШКУнун алкагындагы процесстерди чагылдыруудагы медианын ролу, тажрыйба алмашуу, журналисттер үчүн тренингдер, экономикалык кызматташтык маселелери, мүчө өлкөлөрдүн элдеринин маданий диалогу жана жалган маалыматтарга каршы күрөшүү болуп саналат. Катышуучулар заманбап медиа өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө жана ШКУнун алкагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө кандайча көмөк көрсөтө алаарын талкуулашты.

Иш-чаранын алкагында ШКУ өлкөлөрүнүн келечегине коомдук пикирди чагылдырган «Жалпы үй» аттуу социологиялык сурамжылоонун жыйынтыктары сунушталды. Натыйжалар интеграциялык демилгелерге, гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө жана региондо экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жогорку деңгээлде колдоо бар экенин көрсөттү.

Форумдагы негизги окуялардын бири — ШКУ өлкөлөрүнүн медиадиалогу болуп, бул ири маалымат агенттиктеринин, телеканалдардын, гезиттердин жана интернет ресурстарынын ачык талкуу аянтчасы болду. Катышуучулар биргелешкен медиапроекттердин мүмкүнчүлүктөрүн, кызматташтыктын инновациялык ыкмаларын жана жасалма интеллект менен заманбап технологияларды медиада колдонуу маселелерин талкуулашты.