Унаа башкарып бараткан жашы жете элек өспүрүм аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 10 Январь 2026 15:26
copyright icon Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы

Бишкек, 10.01.26. /Кабар/. Унаа башкарып бараткан жашы жете элек өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын кызматкерлери таңкы саат 05:00 чамасында “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда унааны жашы жете элек жаран башкарып жүргөнү аныкталган.

Аталган факты боюнча өспүрүм менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамда белгиленген тартипте укук бузуу жөнүндө тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө кайрылып, жашы жете элек балдарга унааны башкарууга бербөөнү жана коопсуз жерде сактоону эскертет. Анткени бир гана секунда адам тагдырын чечиши мүмкүн.