Бишкек 28.03.25 /Кабар/. Бишкекте Улуу Британияга сезондук иштерге жөнөп жаткан жарандар үчүн кетээр алдындагы окутуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан билдиришти.
Маалыматта иш-чаранын алкагында каржылык сабаттуулук боюнча тренинг да уюштурулуп, ага 100гө жакын адам катышканы айтылат.
Окутуу төмөнкү темалар боюнча болду:
Эмгек акынын эсептелиши жана төлөнүшү, салык системасы, салыктык кайтарымдар.
Эмгек акыны туура пайдалануу, инфляцияны эске алуу, алдамчылык схемалардан сактануу.
Эмгек укуктары жана милдеттери, Улуу Британиядагы жашоо жана иштөө өзгөчөлүктөрү.
Бул иш-чараны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору уюштурган. Ошондой эле аны Эл аралык миграция уюму (МОМ) менен Улуттук банк колдоого алган.
Андан сырткары келишим алган талапкерлер үчүн да атайын окутуу өткөрүлгөн. Бул окуу - Улуу Британиядагы жашоо шарттары, жүрүм-турум эрежелери, каада-салттар жана эмгек этикасы, жумуш чөйрөсүнө адаптация жана жетекчилик менен иш алып баруу деген темаларды камтыган.
“Мындай окутуулар чет өлкөдө иштөөгө кеткен жарандардын жаңы шарттарга ийгиликтү ыңгайлашуусуна жардам берген маанилүү этап болуп саналат”,- деп айтылат маалыматта.