Улуттук банк насыя алуу боюнча өзүн-өзү чектөө механизмин киргизүүнү карап жатат

Экономика 2068 27 Март 2025 11:20
367393.max-1920x1080.format-webp.webp
1920_65d4a92fb09c6002d35999c6.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
367393.max-1920x1080.format-webp.webp
1920_65d4a92fb09c6002d35999c6.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Улуттук банк насыя алуу боюнча өзүн-өзү чектөө механизмин киргизүүнү карап жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк «насыя алууга өзүн-өзү чектөө» механизмин киргизүү боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдеп, анын Кыргызстандын шарттарында ишке ашыруу мүмкүндүгүн талданып, мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү менен талкууланды.

"Өзүн-өзү чектөөнү киргизүү жарандарга өз ыктыяры менен өз наамына насыя алууга тыюу салууга мүмкүндүк берет. Бул, айрыкча, адамдын маалыматысыз насыялардын алынуусунан сактануу үчүн кошумча коргонуу чарасы болот. Мындай ыкма насыя алууну пландабаган жана ушул сыяктуу тобокелдиктерден сактанууну каалаган жарандар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн",-деп белгиледи Тургунбаев.

Ал кошумчулагандай, бул механизмди ишке ашыруу үчүн кеңири иштер жүргүзүлүшү керек, анын ичинде:
• Мамлекеттик органдар жана банктар менен талкууларды өткөрүү;
• Керектүү техникалык чечимдерди иштеп чыгуу;
• Мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү.