Улуттук банк кыргызстандыктарга жаңы алдамчылык схемасы пайда болгонун эскертет

Загрузка... 29 Январь 2025
474991534_1081455314026418_6326065590380413950_n.jpg
copyright icon Улуттук банктын басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Улуттук банк кыргызстандыктарга жаңы алдамчылык схемасы пайда болгонун эскертет.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, белгисиз адамдар Улуттук банктын атынан жарандарга чалып, Улуттук банктын кызматкеринин жасалма күбөлүгүн жөнөтүп, алардын банктык эсептеринен чет өлкөгө согуш операцияларын каржылоого акча жөнөтүлүп жатканын айтышууда. Мыйзамга таянып, жарандардан жеке маалыматтарды сурашууда.

"Буга байланыштуу Улуттук банк алар шылуундар экендигин эскертет. Белгилей кетсек, Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, мессенджерлер аркылуу күбөлүктөрдү жөнөтпөйт, ошондой эле жеке жактарды тейлебейт, жарандарга эсеп ачпайт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт.

Эч убакта алдамчыларга ишенбеңиз жана бейтаааныш жактарга акчаңызды которбоңуз. Алдамчылардын максаты – сиздин акча каражаттарыңызга жетүү жана уурдоо!

Эгерде сиз кандайдыр бир алдамчылык иштерге кабылсаңыз, бул тууралуу дароо банкка билдирип, картаны же эсепти жабууну суранып, андан соң тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыз", - деп айтылат маалыматта.