Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Уланмырза Карыпбаев Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты театр режиссеру деп табылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-февралында Стамбул шаарында ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн театр ишмерлерине 2024-жылдын натыйжасында эл аралык театр сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.
Жыл сайын Түркияда «Tiyatro» уюму жана «TURKSOY» эл аралык уюму биргелешип түрк дүйнөсүнүн театр искусствосу жаатындагы ар кандай номинациялар боюнча сыйлыктарды ыйгарышат.
Эл аралык 10-театр сыйлыгынын тандоо комиссиясы «Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты театр режиссеру» номинациясын режиссер Уланмырза Карыпбаевге ыйгарды.
Уланмырза Карыпбаев 2014-жылы «Тунгуч» жаштар театрынын алдындагы студиянын бүтүрүүчүсү. 2020-жылы Санкт-Петербургдагы Россия мамлекеттик театр искусствосу институтун «театралдык режиссура»адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктап жана Екатеринбург мамлекеттик театр институтунун «Маданият жана искусство тармагындагы менеджмент» адистиги боюнча кесиптик кайра даярдоо курстарын бүтүргөн.
Бул жылдар аралыгында Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Россия жана Түштүк Кореянын театрларында 35ке жакын спектакль койгон.
Ошондой эле маданият жана искусстводогу жетишкендиктери үчүн Уланмырза Ч.Айтматов, А.Мамбетов, Ж.Абдыкадыров, И. Рыскулов, А.Сарлыкбеков, А.Шатенов жана С. Каралаев атындагы эл аралык жана республикалык сыйлыктардын лауреаты аталган.