Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин жана райондук жетекчилеринин арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, жыйынга калкты каттоо мекемелеринин жетекчилиги, ошондой эле бардык райондук бөлүмдөрдүн башчылары катышты.
УКМК кызматкерлери катышуучуларга коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү.
Укук коргоо органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан коррупцияга каршы тынымсыз күрөш жүрүп жатканына карабастан, "ортомчулардын" жардамы менен "Кызмат"мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин арасында коррупция күчөгөнү байкалууда.
Тактап айтканда, 2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейин УКМК тарабынан коррупцияга байланыштуу 58 кылмыш иши козголгон.
Мындан улам "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын негизги өзгөчөлүктөрү жеткирилди:
- коррупциялык кылмыштары үчүн соттолгондорго өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салынат;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыптарды белгилөөчү талаптар алынып салынды;
- коррупциялык багыттагы оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жарандын жакын туугандарын же жубайын/жолдошун мамлекеттик кызматка алуудан баш тартуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн күнөөнү моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндө адам күнөөлүү деп табылганда статьяда каралган жазанын минималдуу мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоо каралган.
Жыйында өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупциялык кылмыштарды толугу менен жок кылуу милдети коюлганы белгиленди. Буга байланыштуу “Кызмат” мекемесинин кызматкерлерине коррупциялык аракеттерге же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол берилбестиги тууралуу эскертүүлөр берилди.