Учурда өлкөдө жалпы 172 машина-трактордук станция бар

Коом Загрузка... 28 Январь 2025 12:10
WhatsApp Image 2025-01-13 at 09.11.45 (1).jpeg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен республикада жалпысынан 172 машина-трактордук станция уюштурулду.

Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен 59 муниципалдык, 113 жеке менчик ишканасы болуп эсептелет. Алсак:

- Нарын облусунда – 27;
- Ысык-Көл облусунда – 32;
- Ош облусунда – 17;
- Баткен облусунда – 10;
- Чүй облусунда – 38;
- Таласта – 23;
- Жалал-Абад облусунда – 25.

Машина-трактордук станциялардын карамагында жаопы 3700гө жакын айыл чарба техникалары бар.

Белгилей кетсек, аймактарда агротехникалык кызмат көрсөтүүчү машина-трактордук станцияларды (МТС) уюштуруу демилгеси айылдык товар өндүрүүчүлөргө өз маалында сапаттуу механизациялык кызмат көрсөтүү, лизингдин өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү, машина- трактордук паркты модернизациялоо жана жаңылоо максатында ишке ашууда.