Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Президенттин тапшырмасы менен "Учкун” ААКтын имаратында өлкөдө санариптештирүү тармагын жакшыртуу үчүн заманбап иш бөлмөлөрү түзүлүп, жаңы серверлер орнотулат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал “Учкун” ишканасына жумушчу сапары менен барып, аталган имараттын учурдагы абалы жана анда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алган. Анын сапарынын алкагында, имараттын бир бөлүгүндөгү кароосуз калган, эскирген жерлерди толук оңдоп-түзөө жана модернизациялоо пландары сунушталган.
"Мунун негизги максаты — “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин ишин жакшыртуу, ошондой эле өлкөдөгү санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү, санариптештирүү жаатында эмгектенген кызматкерлердин жумуш орундарын жакшыртуу.
“Учкун” ААК имаратында заманбап талаптарга ылайык санариптештирүү тармагында иштер жүргүзүлө турган иш бөлмөлөрү түзүлөт. Бул реформалар “Кызмат” мекемесинин сапаттуу жана эффективдүү иштешине өзгөчө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле ал жумушчу кеңселердин ар бирине атайын шарттар түзүп, кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртуу менен иш процессинин сапатын жогорулатууга басым жасалат. Мындай кадамдар өлкөнүн санариптик трансформациясын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам катары каралат", - деп жазды ал.