Убакыт үнөмдөлүп, иш жеңилдейт: Акциздик маркалар онлайн бериле баштайт

Коом
Убакыт үнөмдөлүп, иш жеңилдейт: Акциздик маркалар онлайн бериле баштайт
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда акциздик маркаларды алууга арыз берүү жана тиешелүү чечимди алуу жол-жобосу жөнөкөйлөтүлөт. Бүгүнкү күндө ишкерлер арыз берүү жана тиешелүү чечимди алуу үчүн Мамлекеттик салык кызматынын бөлүмдөрүнө 5 жумушчу күнгө чейин убактысын коротот. Эми бул кызматты онлайн кылуу ишти да жеңилдетип, убактысын бир күнгө чейин кыскартмакчы. Бул маселени чечүү үчүн Мамлекеттик салык кызматы ведомстволор аралык жумушчу топту түзүп, зарыл чараларды көрөт. "Кабар" агенттиги бул кызматтын артыкчылыктары тууралуу алдыда азын-оолак айтып берет.

Продукцияларды акциздик маркалар менен маркалоо салыктык түшүүлөрдү гана камсыздабастан, сатыкка чыгарылган товарлардын сапатына кепилдик берип, керектөөчүлөрдү жасалма жана контрафакттык продукциялардан коргойт.

Ошондой эле бул талаптарды аткаруу өндүрүүчүлөрдүн жана ишкерлердин түздөн-түз жоопкерчилиги болуп саналат жана атаандаштыкка жөндөмдүү чөйрөнү түзүүдө маанилүү шарт.

Учурда арыз берүү жана тиешелүү чечимди алуу үчүн ишкерлер 3-4 жолу барып, 3-5 жумушчу күнгө чейин убакытын кетирет. Салык төлөөчү арызды кол менен толтуруп, документтерди салык органдарына тапшырууга мажбур. Каталар аныкталган учурда салык төлөөчү документтерди кайра тапшырууга мажбур болуп, кароо мөөнөтү узарып да калышы мүмкүн.

Арыз берүү, текшерүү, чечим чыгаруу этаптарын бириктирген бирдиктүү онлайн-платформанын жоктугу бул процессти кыйындатып келет.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, 2025-жылы 8 миң 475 акциз маркаларын алууга чечим чыгарылган. Быйыл жыл башынан бери бул көрсөткүч 9 миң 489га жеткен.

Ишкерлер акциздик маркаларды алууга арызды "Салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу электрондук түрдө берип, тиешелүү чечимди бир жумуш күнүндө ала алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү турат. Бул жол-жобону жөнөкөйлөтүүгө алып келет.

Сунушталган тартипке ылайык, ишкер арызды "Салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу электрондук түрдө жөнөтөт. Салык органы маалыматтык система аркылуу чечим кабыл алып, ишкерге жеке кабинети аркылуу кабарлайт. Андан кийин ишкер акциздик маркаларды алуу үчүн банкка барат.

Реформанын алкагында салык органы, "Учкун" ачык акционердик коому, "Айыл Банк" (же түпнускадагыдай "Абанк") ачык акционердик коому жана салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бирдиктүү система аркылуу уюштуруу каралган. Документтердин саны алтыдан ашык кагаз документтен бир санариптик документке чейин кыскартылат.

Сунушталган реформаны 100 күндүн ичинде ишке ашыруу пландалууда. Бул арыз берүү жана чечим алуу убактысын үч күндөн бир күнгө чейин кыскартуу, ишкерлердин убактысын үнөмдөө жана административдик жүктү азайтуу максатын көздөйт.

Бүгүндөн тартып акциздик маркаларды алуу жол-жобосун санариптештирүү иштери башталды. Мамлекеттик салык кызматынын Акциздик товарлардын жүгүртүлүшүн контролдоо, администрациялоо жана маркалоо боюнча башкармалыгынын башчысы Бакыт Акматов билдиргендей, долбоор акциздик маркаларды алууга арыз тапшыруу жана салык кызматынын чечимин алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Бакыт Акматовдун айтымында, тармакты санариптештирүүнүн алкагында бир катар иш-чаралар ишке ашырылат:

  • Жеке кабинет аркылуу өтүнмө берүү: Салык төлөөчүлөргө акциздик маркаларды алуу үчүн арызды салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу онлайн жиберүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
  • Функционалды өркүндөтүү: Салык кызматынын инспекторлорунун тутумдагы функционалы иштелип чыгып, ал “АБанктын” маалыматтар системасы жана акциздик маркаларды даярдоочу “Учкун” ААК менен интеграцияланат.
“Бул багытта иштер бүгүндөн тартып активдүү башталды. Жаңы өзгөрүүлөр салык төлөөчүлөрдү кагаз түрүндө арыз берүү же чечимди алуу үчүн салык органдарына келүү түйшүгүнөн арылтат. Маркаларды алгандан кийин Салык кызматына көчүрмөсүн алып келип тапшыруу зарылчылыгы жоюлат. Мындан тышкары, бизнес өкүлдөрү менен салык кызматкерлеринин ортосундагы түз байланыш азайып, бюрократиялык тобокелчиликтер төмөндөйт”, - деп айтты ал.

Бул жаңычылдык кайсы товарларга тиешелүү:

  • Алкоголдук жана тамеки продукциялары;
  • Алкоголсуз суусундуктар;
  • Таңгакталган жана газдалган суулар.

Акциздик маркаларды алууда ишкерлер татаал процесске кабылып, көп убакытын коротчу. Бул тууралуу экономист Искендер Шаршеев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, эми адамдар бири-бири менен байланышпай онлайн аркылуу кызмат көрсөтүү коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алат.

“Компьютер же уюлдук телефон менен акциздик марка алуу үчүн арыз тапшырууну тездетет. Бир күндүн ичинде ишкер тиешелүү жумуштарынын бүткөндүгү тууралуу жооп алышынын мааниси чоң. Анткени бул биринчиден, коррупцияга жол бербейт. Экинчиден, убакытты да үнөмдөйт. Ишкерлер мамлекеттик органдарга барып, убара болбойт. Бул кызматтын онлайн форматка өтүшү санариптештирүүнүн дагы бир пайдасынын бири десек болот”, - деди экономист.

Белгилей кетсек, Салык кызматында мындай процесстерди санариптештирүү боюнча тажрыйба бар. Маселен, күйүүчү-майлоочу материалдарды маркировкалоо процесси толугу менен санариптештирилип, ушул жылдын 1-январынан тартып ишке киргизилген болчу.