Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандагы эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү менен салтка айланган жолугушуусун өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, анын жүрүшүндө тышкы саясий мекеменин башчысы эксперттерди жана саясат таануучуларды президент Садыр Жапаровдун 2024-жылга болгон тышкы саясий тапшырмаларынын аткарылышынын жыйынтыгы менен тааныштырды.
Жолугушуудагы негизги көңүл экономикалык дипломатияга, экология жана тоолорду өнүктүрүү маселелерине, чет өлкөлөрдөгү мекендештердин укуктарын коргоого, ошондой эле өлкөнүн коопсуздугу жана улуттук кызыкчылыктарды коргоо маселелерине бурулду.
Ошондой эле Кулубаев Кыргызстандын тышкы саясий багыты туруктуу, тең салмактуу, ырааттуу жана алдын ала болжолдуу болуп кала берерин баса белгилеп, жакынкы мезгилдеги тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу боюнча көз карашын жана пландарын баяндап берди. Өз сөзүндө ал эл аралык кызматташтыкта улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жана Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы позициясын бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурду.
Анын алкагында министр талкууланган маселелер боюнча эксперттердин пикирлерин жана сунуштарын кунт коюп угуп, мамлекет менен эксперттик коомчулуктун ортосундагы диалогдун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал мындай пикир алышуу тышкы саясат тармагында натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Жолугушуу конструктивдүү жана ачык маанайда өтүп, өлкөнүн стратегиялык максаттарына жетүүсү үчүн тышкы саясий мекеменин эксперттик коомчулук менен өз ара аракеттенүүгө болгон умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.