Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын туристтик бизнесинин өкүлдөрүнө "Ала-Тоо Резорт" жыл бою иштөөчү тоо кластеринин долбоору тааныштырылды.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, Ак-Суу районунда жайгашкан "Жыргалаң Резорт" курорттук шаарчасынын биринчи кезегин 2026-жылдын декабрында ачуу пландалууда. Анда алты асма жол, 47 чакырымдан ашык тоо лыжа трассалары жана туристтерди тейлөө объектилери каралган.
Жолугушууда долбоордун туристтик мүмкүнчүлүктөрү, туроператорлор менен кызматташуу жана курортту эл аралык рынокто таанытуу маселелери талкууланды.
"Ала-Тоо Резорт" долбоору Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курорттук шаарчаларын этап-этабы менен өнүктүрүүнү камтыйт. Келечекте тоо лыжа трассаларынын жалпы узундугун 250 чакырымга чейин жеткирүү пландалууда.
Долбоор туризмди өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инвестиция тартууга жана чакан жана орто бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.