Туризм экономиканын кирешелүү тармагына айланууда

Туризм Загрузка... 14 Июль 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Туризм экономиканын маанилүү тармактарынын бири. Бул тармак аркылуу мамлекетке киреше түшүп, жумуш орундары пайда болуп, инфраструктуранын өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөт. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигине билдиргендей, туризм дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин ички дүң продукциясына (ИДП) эбегейсиз салымын кошууда. Ошол себептен Кыргызстанда дагы бул тармактын өнүгүшүнө олуттуу чаралар көрүлүп жатат.

WhatsApp Image 2025-07-14 at 17.54.07.jpeg

“Биздин ири “Ала-Тоо Резорт” долбоору ишке ашырыла баштады. Бул долбоор жергиликтүү райондорго, деги эле мамлекеттин социалдык-экономикалык абалына түрткү берет. Мына ушундай долбоорлордун ишке ашырылышы менен жумуш орундары түзүлөт. Дүйнөлүк практикада бир турист үч жумуш орунун түзөт. Ошондой эле салыктык кирешелер келет. Инфраструктуралар жакшырат. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча статистикага кайрылсак, 8,5 миллиондон ашык турист келген. Биз быйыл эс алуучулардын саны 10 миллионго жетет деп пландап жатабыз. Ошол себептен жогоруда белгилеп кеткен көрсөткүчтөр дагы да өсөт деп болжолдонууда”, - деп белгиледи Эрденет Касымов.

WhatsApp Image 2025-07-14 at 17.48.57.jpeg

Туризм тармагы боюнча эксперт Азамат Жаманкуловдун айтымында, бүгүнкү күндө 1 миллиард сомго жакын акча каражаты туризм тармагында айланууда.

“Сырттан экспорт болуп 250 млн долларга жакын каражат келип жатат. Бул акчалар аэропорттун кызматтарына, таксилерге, ресторандарга, туристтик компанияларга, гиддерге, эс алуучу жайларга барат. Туризм экономикага сырттан кошумча каражатты алып келип жатат. Мисалы, Кыргызстанда бир турист бир күндө 200-250 доллар коротот. Бул канчалык турист көп келген сайын ошончо каражат экономикага кошулат деген сөз да. Менин оюмча, өлкөбүздүн туризминин мындай потенциалын пайдалануу максатында инвестиция салсак, инфраструктурасын өзгөртсөк, туризмдин имиджин көтөрсөк, экономиканын чоң тармагына айланат”, - деди Азамат Жаманкулов.

WhatsApp Image 2025-07-14 at 17.50.03.jpeg

Ал ошондой эле туристтерди тартуучу объекттерге өзгөчө маани берип, эскилерин реконструкциялап жана жаңыларын куруу зарыл деп эсептейт.

“Ала-Тоо Резорт сыяктуу ири долбоорлор аркылуу Кыргызстанга инвестиция келет. Туризм канчалык жанданса, инвестор да пайда табайын деп келет. Бул долбоор артынан көп долбоорлорду алып келүүчү локоматив болуп эсептелет. Эс алуучулардын келиши менен акча каражаты түшөт. Мунун бардыгы сөзсүз түрдө туризм экономикасына таасирин берет”, - дейт эксперт.