Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу — ар бир жаран үчүн коргонуу

Коом Загрузка... 29 Март 2025 09:00
431492887_901722655.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon МКУ

Бишкек, 29.03.25. /Кабар/. Табигый кырсыктар, анын ичинде жер титирөө жана суу ташкындар сыяктуу кырдаалдардын көбөйүшү менен, турак жайды милдеттүү камсыздандыруу (ОСЖ) Кыргызстандагы ар бир жаран үчүн маанилүү жана зарыл коргоо болуп саналат.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кыргызстандыктарга үйлөрүн табигый кырсыктардан жана башка күтүлбөгөн кырдаалдардан коргоо үчүн турак жайларын камсыздоо мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Бул камсыздандыруу жарандарга табигый кырсыктардан келип чыккан зыяндарга каршы каржылык колдоо көрсөтүп, зыяндын кесепеттерин минималдаштырууга жардам берет.

Кыргызстан сейсмикалык активдүүлүгү жогору аймактарда жайгашкандыктан, турак жайды милдеттүү камсыздандыруунун ишке кириши, тургундардын коопсуздугун камсыз кылууга маанилүү кадам болуп эсептелет.

Эмне үчүн Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу маанилүү?

  1. Табигый кырсыктардан коргоо: Турак жайды камсыздандыруу тургундарга табигый кырсыктардан, жер титирөөлөрдөн жана башка кырдаалдардан келген зыяндарын камсыздандырат.
  2. Каржылык туруктуулук: Турак жайды камсыздандыруу жарандарга үйлөрүн калыбына келтирүүгө, каржылык чыгымдарды азайтып, коопсуздукту камсыз кылууга жардам берет.
  3. Экономикалык пайда: Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу өлкөнүн экономикасынын туруктуулугун камсыздайт, бизнес жана жарандар үчүн коргоону түзүп, жалпы өлкө боюнча каржылык туруктуулукту бекемдейт.

Турак жайды кантип каттоого алуу керек?

Турак жайды өлкөнүн бардык аймактарындагы Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалдарынан каттоого алсаңыз болот.

Коргоону кийинкиге калтырбаңыз.

Турак жайды камсыздандыруу — бул жөн гана формальдуулук эмес, бул сиздин келечектеги ишенимдүүлүгүңүз жана коопсуздугуңуз. Турак жайыңыздын камсыздандырылганы менен сиз көңүлүңүз ток, уйкуңуз тынч болот.

Байланыш маалыматтары:

«МКУ» ААКтын филиалдарынын даректери:

  1. Бишкек шаары боюнча филиал

Москва көчөсү 71, 2-кабат

0312 54 43 22, 0312 54 43 20

CHUI.BISHKEK@GSO.KG

Башкы кеңсе, Бишкек шаары

Ч. Айтматов проспекти 1, имарат 2, 4-кабат

0312 54 43 19

INFO.GSO.KG

Ысык-Көл облусу боюнча филиал, Каракол шаары

Абдрахманов көчөсү 105, 3-кабат, кабинет 70

03922 5-49-10, 0555 51 51 81

IK@GSO.KG

Нарын облусу боюнча филиал, Нарын шаары

Ленин көчөсү 76

03522 5-71-01, 0702 80 08 58

NARYNGSO@YANDEX.RU

Талас облусу боюнча филиал

Бердике Баатыр көчөсү 295а, 1-кабат, кабинеттер 108, 109

03422 5-20-60, 0707 11 79 72

GSOTALAS@GMAIL.COM, TALAS@GSO.KG

Жалал-Абад облусу боюнча филиал, Жалал-Абад шаары

Ж. Бакиев көчөсү 16г

03722 2-41-01, 03722 2-42-12

JAFGSO@MAIL.RU

Баткен облусу боюнча филиал, Баткен шаары

Нургазиев көчөсү 10

0777 67 90 51, 0551 76 62 62

GSOBATKEN@MAIL.RU

Ош шаары жана Ош облусу боюнча филиал, Ош шаары

Ленин көчөсү 221, 2-кабат, кабинеттер 26-30

03222 5-52-32, 0996 06 55 70

MKU.OSH@GMAIL.COM

Чүй облусу боюнча филиал

Абай көчөсү 40

0500 300 901

Байланыш маалыматтары:

«МКУ» ААКнын басма сөз кызматы

Электрондук почта: Email:GSOPRASSA

Сайт:GSO.KG