Түштүк Кореядагы токойдон чыккан өрттө каза болгондордун саны 26 гектарга жетти

Дүйнө Загрузка... 27 Март 2025 10:05
WhatsApp Image 2025-03-27 at 10.02.59.jpeg
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Кореянын токой чарба башкармалыгы бүгүн саат 9:00гө карата өлкөнүн түштүк-чыгышындагы токой өрттөн каза болгондордун саны 26 гектарга жеткенин билдирди. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги жазды.

Агентиктин маалыматына ылайык, өрттүн кесепетинен 30 киши жабыркап, анын ичинде оор жаракат алган 8 адам ооруканага жаткырылган.

Өрт башталгандан бери 37 миң адам убактылуу жайларга көчүрүлүп, алардын 6 миңден ашыгы үйлөрүнө кайтып келе элек.

Тилсиз жоо мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн кесепетинен 325 имарат, анын ичинде турак-жай, өндүрүш, диний жана маданий объектилер күйүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты 36 миң гектарды түзгөн.