Түштүк Кореяда токойдогу ири өрттө 4 адам көз жумду

Дүйнө Загрузка... 25 Март 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-03-25 at 16.47.31.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Түштүк Кореяда токойдогу ири өрттө 4 адам көз жумду. Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.

Маалыматка караганда, Сеулдан 180 чакырым алыстыкта жайгашкан Кенсан-Пукто провинциясындагы токойдон чыккан өрт 5 күндөн бери өчө элек.

Тилсиз жоонун кесепетинен 4 адам каза таап, 11 киши жабыркады.

14,7 миң гектар токой, 16 үй, эки фабрика, 9 кампа жана эки храм өрттөнүп кетти. Ошондой эле 3,3 миң тургун эвакуацияланды.

Кырдаалды катуу шамал жана кургак аба ырайы татаалдаштыргандыктан, отту көзөмөлдөөгө мүмкүн болбой жатат.

Өрттү өчүрүүгө 6,7 миң адам жана 110 атайын учак тартылган.