Бишкек, 26.09.26. /Кабар/. Бакуда түрк мамлекеттеринин инвестициялык агенттиктеринин практикалык кызматташуусун өнүктүрүүгө арналган TurkIPAnet тармагынын экинчи сессиясы өттү.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, иш-чара Экинчи Азербайжан инвестициялык форумунун алкагында өтүп, ага агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов жана Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстандын инвестициялык агенттиктеринин өкүлдөрү катышты.
Сессияда инвестициялык долбоорлор боюнча маалымат алмашуу, инвесторлорду тартуу, чек ара аралык долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү маселелери талкууланды.
Дамирбек Бикулов беш өлкөнүн долбоорлорун биргелешип илгерилетүүгө жана инвесторлор менен ишти координациялоого мүмкүндүк берүүчү жалпы инвестициялык «воронканы» түзүүнү сунуштады.
Жыйынтыгында катышуучулар TurkIPAnet алкагында практикалык кызматташууну күчөтүү боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныкташты.