Түрк мамлекеттер уюмунун ички иштер министрлеринин жыйыны өттү

Түрк мамлекеттер уюму 10 сентябрь 2026 16:50
801808337_1478068527675477_8517497905564296946_n.jpg
801878422_1478068564342140_4299675384543186978_n.jpg
801885736_1478068577675472_2717580963604514779_n.jpg
801885730_1478068551008808_8092856676938378671_n.jpg
801988633_1478068517675478_2047921179118308256_n.jpg
801924764_1478068637675466_97348601186851216_n.jpg
Алдыга
Артка
801808337_1478068527675477_8517497905564296946_n.jpg
801878422_1478068564342140_4299675384543186978_n.jpg
801885736_1478068577675472_2717580963604514779_n.jpg
801885730_1478068551008808_8092856676938378671_n.jpg
801988633_1478068517675478_2047921179118308256_n.jpg
801924764_1478068637675466_97348601186851216_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин 3-жыйыны болуп өттү. Ага ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Казакстандын ички иштер министри, Ержан Саденовдун төрагалыгы алдында өттү. Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын ички иштер органдарынын жетекчилери, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.

Жолугушууда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын өз ара кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды. Кылмыштуулукка каршы күрөштө, анын ичинде кылмыш жоопкерчилигинен жашырынып жүргөн адамдарды издөөдө жана дайынсыз жоголгон жарандардын жүргөн жерин аныктоодо кызматташууну күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарга, мыйзамсыз букмекерликке жана кумар оюндарына каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары, экстремизм, терроризм жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы биргелешкен иш алып баруу маселелери көтөрүлдү.

Мындан тышкары, адам сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз алып кирүүгө каршы күрөшүү жаатындагы укук коргоо органдарынын кызматташтыгына да өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар мыйзамсыз миграция боюнча маалымат алмашуу жана ага байланышкан кылмыштардын жайылышына өбөлгө түзгөн факторлорду жоюу чараларын талкуулашты.

Жыйында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ортосунда Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кеңеш түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкууланды.

Тараптар коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы негизги макулдашууларды жана мындан аркы кызматташтыктын багыттарын бекемдеген биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин 4-жыйыны 2027-жылы Түркияда өтөт.