Транспорт министрлиги ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди

Коом Загрузка... 04 Февраль 2025 12:01
476284200_929500699358677_993687605265840240_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн ашууларындагы абал тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, учурда Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда бороон болуп, жол тынымсыз тазаланууда. Аймакты караган Жол тейлөө ишканасы түнү менен тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин аткарышты. Азыркы тапта да кеңейтүү жумуштары жүрүүдө. Жол ачык.

Ошондой эле өлкөнүн башка ашуу жана жолдорунда каттам бар. Жолчулар тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, өзгөчө тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасы чачылып жатат.

Транспорт министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.