Транспорт министри Ысык-Көлдө жол куруу иштерин текшерди

Аймак 1672 24 Март 2025 09:10
485880003_963668282608585_5549059397102411391_n.jpg
485390028_963668582608555_5169287980283314145_n.jpg
485684319_963668469275233_9121921983085922206_n.jpg
485739729_963668539275226_4151332087486295561_n.jpg
485779410_963668412608572_1886885574889237229_n.jpg
485884803_963668629275217_1827829217127711800_n.jpg
485970598_963668335941913_5589827396965041198_n.jpg
486150551_963668692608544_3289131721717558351_n.jpg
486445247_963668369275243_307037985559587779_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Министр алгач Балыкчы шаарындагы асфальт-бетон чыгарган заводдун ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, подрядчы компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту.

Ошондой эле ал Чолпон-Ата шаарынын ичиндеги көчөнү оңдоо иштерин текшерип, жайкы сезонго чейин асфальт төшөө иштерин аягына чыгарууну тапшырды.

Андан ары Сыргабаев Ысык-Көл айланма жолунун Корумду — Балбай баатыр участогун 104-чакырымынан 184,5-чакырымына чейин реконструкциялоо иштеринен кабар алып, курулуш иштерин бекитилген графиктен кечиктирбей өз убагында жана сапаттуу аткаруу тапшырмасын койду.

Мындан тышкары, министр "Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун реконструкциялоо" долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер менен таанышты.

Министр тиешелүү жетекчилерге планга ылайык жумуштарды иш ыргагын ыкчамдатуу менен жүзөгө ашыруу талабын койду.