Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусунда III Элдик курултайда делегаттар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулаган жолугушуу өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйында министр делегаттарга үстүбүздөгү жылы жол тармагында аткарыла турган иштер тууралуу маалымат берип, суроолорго жооп берди.
Курултайда жолдорду оңдоо тууралуу Ысык-Көл облусу боюнча 20 маселе көтөрүлгөн. Анын ичинде Ак-Шыйрак сырт аймагындагы көпүрө куруу, жергиликтүү жана республикалык маанидеги жолдорду асфальттоо маселелери бар.
Ведомство жетекчиси Элдик курултайда айтылган маселелер мүмкүнчүлүккө жараша ирети менен чечиле турганын билдирди.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын декабрь айында өткөн III Элдик курултайдын жүрүшүндө Транспорт министрлигине жалпы 200дөн ашуун кайрылуу түшкөн. Алардын көбү жолдордун абалы, жол куруу, көпүрө салуу иштери болчу.