Транспорт министри Төө-Ашуудагы жолчулардан кабар алды

Загрузка... 28 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек - Ош унаа жолунун 132-чакырымында жайгашкан Төө-Ашуу ашуусуна барып, жолчулардан кабар алды.

Ведомстводон кабарлашкандай, министр жумушчу сапарынын алкагында "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" тарабынан орнотулган жол кыймылын көзөмөлдөгөн камераларды текшерип, кызматкерлердин аткарган иштери менен таанышты.

Транспорт минисрлигинин жетекчиси жаз мезгилинде туннелдин түндүк жана түштүк тарабын иретке келтирүү, автоунаа токтоочу жайларды куруу, жол чиймелерин жана жол белгилерин жаңылоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.