Бишкек, 05.02.25. / Кабар/. Трамп АКШда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын биринчи партиясын Гуантанамо базасына жөнөттү. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.
Агентттиктин маалыматына ылайык, учак Техастан учуп, Гуантанамого мыйзамсыз мигранттарды жана Венесуэлада түзүлгөн Трен де Арагуа трансулуттук кылмыштуу тобунун 10 мүчөсүн алып келген.
Эске салсак, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Улуттук коопсуздук министрлигине Американын Гуантанамо базасын кеңейтүүнү тапшырган. Ошондой эле Гуантанамо базасына 30 миңге чейин мыйзамсыз мигрант которулушу мүмкүн экенин айткан.