Нурланбек Тургунбек уулу министрлер кабинетинин төрагасын ыкчам иштөөгө чакырды

Жогорку Кеңеш 2722 20 Март 2025 13:00
image2.jpg
image1.jpg
Алдыга
Артка
image2.jpg
image1.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу министрлер кабинетинин төрагасын ыкчам иштөөгө чакырды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Тагыраагы, жыйын маалында депутат Жанарбек Акаев 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоого багытталган мыйзам долбоорунун аткарылышы кечеңдеп жатканын айтып, министрлер кабинетине тиешелүү комиссияны түзүү ишин тездетүү талабын койгон.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири төрага Нурланбек Тургунбек уулу да министрлер кабинетинин төрагасынын иштөө ыкмасы жай экенин белгиледи.

"Азыр ыкчам иштей турган учур. Жайбаракат иштей турган заман өткөн. Андыктан айтылган маселени тез арада чечип, парламенттин кароосуна алып келсин", – деди ал.