Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында жаңы мектеп сентябрда эшигин ачат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы мектеп 225 орунга ылайыкталган. Объекттин курулушу 2024-жылдын ноябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен аяктады.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 124 млн сомду түздү.
Долбоор боюнча мектепте негизги окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, эмгек сабактары үчүн класстар, компьютердик класс, жыйындар залы жана спорт залы бар.