Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунда жаңы административдик сот имараттарынын курулушуна мезгил кутусу салынды.
Жогорку соттон билдиришкендей, аземдерге төрага Медербек Сатыев, Ысык-Көл облустук сотунун жетекчилиги, судьялар, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Медербек Сатыев жаңы имараттар сот кызматкерлеринин иштөөсүнө заманбап шарт түзүп, жарандар үчүн сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жакшыртарын белгиледи.
"Бүгүнкү капсула салуу - сот тутумунун келечегине багытталган маанилүү кадам. Бул жарандардын укуктарын коргоого, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууга жана сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга багытталган иштердин дагы бир этабы", - деди ал.
Жаңы имараттарда сот залдары, кызматкерлердин иш бөлмөлөрү, жарандарды кабыл алуу жайлары, ошондой эле адвокаттар, прокурорлор, медиаторлор жана башка процесстин катышуучулары үчүн зарыл шарттар түзүлөт.
Жалпысынан долбоорлор Ысык-Көлдөгү сот инфраструктурасын жаңылоого жана калк үчүн сот кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.