Түп - Кеген унаа жолу быйыл толук бүтүп, пайдаланууга берилет

Загрузка... 29 Январь 2025 17:15
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Түп - Кеген унаа жолу быйыл толук бүтүп, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Түп - Кеген унаа жолунун курулушу өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жакшыртууга багытталып, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылды камсыз кылуу менен аймактын экономикалык интеграциясын күчөтүүгө көмөк көрсөтөт.

Курулуш мезгили башталгандан бери Түп - Кеген жолуна 41 чакырым эки катмарлуу асфальт-бетон төшөлүп, долбоордун алкагында 107 даана жол алдындагы суу өткөрүүчү түтүктөр жана 10 даана кичинекей көпүрөлөр курулду. Ал эми 61ден 70-чакырымга чейинки 9 чакырым аралыкка асфальт төшөө иши ушул жылы толук кандуу бүтөөрү күтүлүүдө.

Ошондой эле долбоордун алкагында жол тейлɵɵ техникаларын алуу да каралган.

Түп - Кеген унаа жолунан Каркыра - Турук - Сары-Жаз жайлоосуна баруучу узундугу 13 чакырымды түзгөн жолдун курулуш иштери дээрлик 94 пайызга аяктап калды.

Мындан тышкары, Сан-Таш комплексине бара турчу унаа жолду оңдоп, асфальт төшөө пландалууда.

2025-жылдын июль- август айларында курулушу толугу менен аяктап, колдонууга берилет. Учурда күз-кыш мезгилинин убактылуу жол тейлɵɵсүндɵ жааган кар тазаланып, туруктуу каттам камсыздоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Түп-Кеген жолу III жана IV категориядагы 11,5 тонна жүккө ылайыкталган эки тилкелүү жаңы технологиялык ыкма менен майдаланган мастикалык асфальт-бетон төшөлмөсүнүн негизинде курулуп жатат.