Токтогул районунда ири сүт заводу ачылды

Коом 1424 25 Январь 2025 17:20
IMG_1150.jpeg
IMG_1145.jpeg
IMG_1146.jpeg
IMG_1147.jpeg
IMG_1148.jpeg
IMG_1149.jpeg
IMG_1151.jpeg
IMG_1152.jpeg
IMG_1153.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1150.jpeg
IMG_1145.jpeg
IMG_1146.jpeg
IMG_1147.jpeg
IMG_1148.jpeg
IMG_1149.jpeg
IMG_1151.jpeg
IMG_1152.jpeg
IMG_1153.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Токтогул райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы

Бишкек, 25.01.25. /Кабар/. Бүгүн, 25-январда Токтогул районунун Токтогул шаарында сүттү кайра иштетүү зоводунун расмий ачылыш аземи өттү.

Райондук администрациядан билдиришкендей, ачылыш аземге Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Н.Кожобергенов, USAID "Агросоода" долбоорунун жетекчиси Ая Касси жана мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышты.

Белгилей кетсек, “Ля Вуа Лакте" сүттү кайра иштетүү заводун жеке ишкер Калыйнур Сатаров негиздеген.

“Сүт заводу заманбап жабдуулар менен камсыз болгон. Бүгүнкү күндө сүт заводдо каймак, май, сүт, йогурт, сыр, быштак жана бал муздак продукциялары өндүрүлүп, Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын жашоочуларын аталган азыктар менен камсыздайт”,-деп айтылат маалыматта.