Токой кызматы: Былтыр 1,6 миң гектар жерге дээрлик 3 млн көчөт отургузулду

Коом Загрузка... 05 Февраль 2025 13:52
WhatsApp Image 2025-02-05 at 10.52.24.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.02.25. / Кабар/. Токой кызматы былтыр "Жашыл Мурас" өнөктөгүнүн алкагында 1 миң 610 гектар жерге дээрлик 3 млн көчөт отургузду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдаар министрлигине караштуу Токой кызматынын токой экосистемаларын өнүктүрүү жана стратегиялык мерчемдөө башкармалыгынын башчысы Майрамбек Алиев радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө бир нече жылдан бери “Жашыл Мурас” долбоору активдүү ишке ашырылып келет. Президент демилгелеген бул улуттук өнөктүккө жыл сайын миңдеген адамдар тартылып, миңдеген гектар жерлерге көчөттөр отургузулууда.

“Быйыл дагы жылдык иш планды бекиттик. Учурда бизде дагы 6 миллионго жакын көчөт бар. Ушул көчөттөрдү 2 миң гектар жерге отургузуу пландалууда. Бекитилген план ишке ашат деп ойлойм”,-деди ал.