Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Калкагар айылында Н.Садыков атындагы жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирет.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган. Учурда мектептин чатыры жабылып, сырткы шыбак иштери аяктап, имараттын ички жумуштары аткарылууда.
Долбоорго ылайык, мектеп 150 окуучуга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен курулууда. Анда окуу класстары, химия, биология жана физика боюнча лабораториялар, ашкана, китепкана, жыйындар залы, дарыгердин бөлмөсү жана спорт зал каралган.
Мектептин жалпы аянты 1336 чарчы метрди түзүп, имарат А, Б жана В блокторунан турат.