Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы "КР аквакультурасын жана балык чарбасын өнүктүрүү" улуттук борборунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкенти.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда "Тоң балык өстүрүүчү заводу" муниципалдык ишкананын кызматкерлери инкубациялык цехин кошумча суу менен камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.
Тактап айтканда, 180 метрди түзгөн кудук казылып, насос жабдыктары жана сууну тазалоочу системалары орнотулду.
Долбоор 2022-жылдын 22-октябрында кол коюлган "КР Айыл чарба министрлиги менен Корей деңиз институтунун ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө” меморандумдун негизинде ишке ашырылууда. Долбоордун мөөнөтү 2022-жылдын октябрь айынан тарта 2026-жылдын декабрь айына чейин.
Инфраструктура объекттерди (инкубациялык цехтер, лабораториялар, турак жайлар, ашкана жана башка) куруу, реконструкциялоо жана техникалык жабдуу пландаштырылган. Бул борбордо илимий кызматкерлер балык өстүрүү технологиялары боюнча окуу, семинарларды өткөрүшөт.