Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Төлөйкөн айылындагы 275 орундуу жаңы мектеп сентябрда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын курулушу былтыр июль айында башталган жана каржылоо Турукташтыруу фонду аркылуу жүргүзүлгөн.
Долбоор боюнча мектепте лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.
Учурда мектептин курулуш иштери дээрлик аяктап, объектти жаңы окуу жылынын башталышына карата пайдаланууга берүү пландалууда.
Министрликтен белгилешкендей, Бишкек, Ош жана Манас шаарларында курулуп жаткан 36 мектепте 80 миңге жакын окуучу билим алмакчы.