Өткүн өтөт. Алдыңкы күндөрдө өлкөдөгү аба ырайы

Коом 6 сентябрь 2026 10:25
Өткүн өтөт. Алдыңкы күндөрдө өлкөдөгү аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.09.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагы боюнча 6-11-сентябрга чейин күтүлгөн аба ырайынын божомолу менен бөлүштү.

Чүй облусу

6-7-сентябрда жана 8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-сентябрда күндүз тоо этектерде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 9-сентябрда жана 10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-сентябрда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 11-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.Абанын температурасы түнкүсүн +1…+14, күндүз +11...+29 градуска чейин болот.

Талас облусу

6-10-сентябрда жана 11-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-сентябрда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+11, күндүз +26...+31 градуска чейин болот.

Ош облусу

6-7-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 7-сентябрда күндүз тоо этектерде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектерде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 9-сентябрда жана 10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-сентябрда күндүз тоо этектерде жана тоолуу райондордо, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 11-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+18, күндүз +30...+35 градуска чейин болот.

Жалал-Абад облусу

6-7-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 8-сентябрда күндүз тоо этектерде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 9-10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-сентябрда күндүз тоо этектерде жана тоолуу райондордо, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 11-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+14, күндүз +28...+33 градуска чейин жетет.

Баткен облусу

6-10-сентябрларда жана 11-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-сентябрда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+13, күндүз +28...+33 градуска чейин болот.

Ысык-Көл облусу

6-сентябрда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 7-8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-сентябрда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 9-10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-сентябрда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 11-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…+11, күндүз +20...+25 градуска чейин болот.

Нарын облусу

6-сентябрда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. 7-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 9-сентябрда жана 10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-сентябрда күндүз айрым жерлерде, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 11-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+8, күндүз +15...+29 градуска чейин болот.

Кыргызстанда 12-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 13-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.