Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Күн мурун, 2-февралда Москва айланма жолунда жол-транспорт кырсыгы катталган.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 1998-жылы туулган Ш.А.Э. аттуу кыргыз жараны каза болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү маркумдун жакындары менен биргеликте анын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселесин карап жатат.
Бул маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө.