Тилек Текебаев облустук футбол ассоциациясынын 2024-жылы аткарган жумуштарынын жыйынтыгын укту

Загрузка... 27 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү, облустук футбол ассоциациясынын президенти Тилек Текебаев 2024-жылы облус аймагында футболду өнүктүрүү багытында аткарылган жумуштардын жыйынтыгын укту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы президент Садыр Жапаровдун “2024-2034-жылдарга Кыргызстанда футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолуп, Жалал-Абад облустук футбол ассоциациясынын 2025-жылга пландалган иш-чараларын жогорку деңгээлде уюштурууну тапшырды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусу “2024-жылы өлкөдөгү эң мыкты регионалдык футбол ассоциациясы” наамына ээ болгон. Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек”, Кочкор-Ата шаарындагы “Нефтчи” стадиондору эл аралык талаптарга ылайык реконструкциядан өткөрүлдү. “Курманбек” стадионунда “CAFA U-20 Championship 2024” эл аралык турнири өттү. Облустун "Мурас Юнайтед" командасы Кыргызстандын Кубогун жеңип алды.

Жыл ичинде облустун район, шаарларында 11 кичи футбол аянчалары колдонууга берилди.