Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Кечээ өлкө башчысы Садыр Жапаров мамлекеттик тилди билүүгө талаптарды күчөткөн мыйзамга кол койду.
Кабыл алынган тил мыйзамында кандай өзгөрүүлөр бар, андагы талаптар, тил жана тил саясаты, “Айтил” платформасы, терминдердин кыргыз тилине которулушу, мамлекеттик тилдин келечеги тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев “Кабар” агенттигине маек курду.