Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев “Кабар” агенттигине берген маегинде аймакта ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор, анын ичинде эл аралык аэропорттун курулушу, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун мүмкүнчүлүктөрү жана энергетика тармагындагы пландар тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу планы боюнча иштер белгиленген тартипте жүрүп жатат. Долбоордун келечегин көргөн жергиликтүү тургундардын арасында логистикалык борбор ачууга кызыккандар да пайда болууда.
“Алар бул долбоордун потенциалы канчалык жогору экенин көрүп жатышат”, — деди Текебаев.
Ал белгилегендей, Казарман жана Сузак айылдарында турак жайлардын баасы кескин кымбаттаган. Буга байланыштуу бааларды негизсиз жогорулатпоого көзөмөл жүргүзүү боюнча Антимонополия кызматына тапшырмалар берилди.
Облус башчысынын айтымында, Өзбекстан менен чектешкен Кең-Сай чек арасы ачылып, жакын арада Бек-Аваддагы чек ачылат. Мындан тышкары, Ала-Бука районунда Касан-Сай өткөрмө бекети бар.
“Аталган багыттардын өнүгүшү аймакка туристтердин келүүсүнө да шарт түзүүдө. Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун ачылышы менен эс алуучулар Ысык-Көлгө да каттай башташты.
Мындан тышкары, Фергана өрөөнүнүн мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен 381 гектар жерге эл аралык аэропорт курулууда. Аны 2027-жылы бүткөрүү пландалууда”,-деди ал.
Текебаев Таш-Көмүр шаарында күн электр станциясы ишке киргизилгенин билдирди. Учурда анын кубаттуулугу 6 мегаваттты түзөт. Жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 30 мегаваттка жеткирүү пландалууда.
“Ошондой эле Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунда гидроэлектр станциялары боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатат. Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин кубаттуулугун көбөйтүү иштери да жүргүзүлүүдө. Андан сырткары, "Камбар-Ата-1" долбоору башталып жатат”,-деди облус башчысы.