Тажикстанда жер титиреп, 29 үй жана бир мектеп жабыркады

Борбор Азия Жүктөлүүдө... 14 Апрель 2025 14:33
WhatsApp Image 2025-04-14 at 10.04.26.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-14 at 10.04.27 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-14 at 10.04.27 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-14 at 10.04.27 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-14 at 10.04.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-14 at 10.04.26 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Тажикстанда жер титиреп, 29 үй жана бир мектеп жабыркады. Бул тууралуу Тажикстандын “Авеста” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, зилзала жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:24тө катталган. Жер титирөөнүн очогу Рашт шаарынан 21 чакырым алыстыкта жана Душанбе шаарынан болжол менен 160 чакырым түндүк-чыгышты көздөй жайгашкан.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү очогунда 5-6 балл, борбор калаада 3 баллга чейин сезилген.

“Жер титирөөнүн кесепетинен Рашт районунун төрт айылында 17 турак жай жана бир жалпы билим берүүчү мектеп жабыркаган. Мындан сырткары, Тажикабад районунда дагы 12 турак жайга зыян келтирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, эл арасында жабыркагандар жок.

Жеринде атайын комиссия иштеп, келтирилген зыяндын чоо-жайын тактап, чыгымды баалоодо”,-деп айтылат маалыматта.