Ташкентте жума күндөрү "Улуттук кийим күнү" деп жарыяланды

Борбор Азия Загрузка... 24 Январь 2025
IMG-20250124-WA0012(2).jpg

Ташкент, 24.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Ташкент шаарындагы мекемелерде ар жума күнү “Улуттук кийим күнүн” өткөрүү, ал эми бул күндөрү мамлекеттик кызматкерлерге улуттук кийим кийүү сунушталууда. Бул тууралуу Ташкент шаарынын акими чечим кабыл алды, деп маалымдайт ведомствонун басма сөз кызматы.

Долбоордо коомдук транспортту жана шаар объекттерин улуттук орнамент менен кооздоо, мектептерде «Улуттук класстарды» түзүү, соода борборлорунун, музейлердин имараттарынын бет маңдайын салттуу ыкмада жасалгалоо, дем алуучу жайларда улуттук маданияттын белгилерин камтыган көпчүлүк иш-чараларды, анын ичинде мода көргөзмөлөрүн, улуттук оюн, бийлер боюнча сынактарды өткөрүү каралган.

Мындан сырткары, «Улуттук кийим баарына жарашат» деген темада челлендж жана башка сынактарды уюштуруу, улуттук кийим дүкөндөрүн, кол өнөрчүлүк жарманкелерин жана салттуу ашканасы бар ресторандарды өнүктүрүү, улуттук кийимдердин жана кол өнөрчүлүктүн тарыхы боюнча лекцияларды, семинарларды жана тренингдерди өткөрүү көздө тутулган.

Ошондой эле туристтик маршруттарга улуттук жасалгаланган объектилерди киргизүү жана улуттук баалуулуктарды даңазалаган маалыматтык материалдарды жаратуу пландалууда.

Серепчилердин баамында, долбоор маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү, кол өнөрчүлөрдү колдоо жана улуттук өзгөчөлүккө болгон кызыгууну арттырууга багытталган.