Ташкент, 31.01.24 /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Күн мурун Ташкенттеги Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинде (ДЭДУ) “Өзбекстан дипломатиясынын тарыхы” китебинин бет ачары болду, деп кабарлайт өз кабарчыбыз.
Анда өзбек дипломатиясынын өнүгүшү, ошондой эле мамлекеттик курулуштагы заманбап багыттары тууралуу сөз болот. 500 барактан турган китепте Борбордук Азиядагы мамлекеттердин дүйнөлүк тарыхый, экономикалык жана саясий процесстердеги өзгөчө ролун далилдеген архивдик документтержыйналган.
ДЭДУ ректору - Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрагасынын биринчи орун басары Садык Сафаевдин айтымында, тарыхка кайрылуу – бүгүнкүнү жана келечекти түшүнүүнүн ачкычы. "Заманбап илимий коомчулуктун алдында азыркы учурдун татаал маселелерин талдоо жана өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо милдети тургандыктан, тарыхты изилдөө жана андан жыйынтык чыгаруу өтө зарыл", - деп белгиледи ал.
Ал жаңыланган өзбек дипломатиясы прагматизм, чечкиндүүлүк жана өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү каалоосу менен өзгөчөлөнүп жатканын баса белгиледи. «Жакынкы жана байыркы тарыхтын сабактарына таянып, жаңыланган өзбек дипломатиясы коңшу өлкөлөр, анын ичинде Ооганстан менен мамилени өзүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карайт», - деди Сафаев.
Өзбекстандын президентинин тышкы саясат маселелери боюнча атайын өкүлү Абдулазиз Камиловдун айтымында, Өзбекстан Борбор Азиядагы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү болуп калды. "Биз аймактык талаштарды чыр-чатак аркылуу эмес, прагматизм, конструктивдүү диалог жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө болорун көрсөттүк", - деди ал.
Камиловдун айтымында, Жаңы Өзбекстандын дипломатиясынын аркасында Борбор Азия чөлкөмү эл аралык мамилелерде бирдиктүү көз карандысыз күчкө айланды жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылды.
Китептин жаңы, кеңейтилген басылышын чыгаруу боюнча иштердин улантылышы айтылды.