Ташкентте түрк мамлекеттеринин университети ачылат

Борбор Азия Загрузка... 28 Январь 2025
2113ea4953106cb32ec117cf5c628bc8_XL.jpg
copyright icon WWW

Ташкент, 28.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. 2025-2026-окуу жылында Ташкентте түрк мамлекеттеринин эл аралык университети түзүлөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, университет мамлекеттик эмес окуу жайга айланат. Студенттер акы төлөп контракттык негизде гана окуй алышат.

Негизинен:

  • инженерия, курулуш, логистика;
  • маалыматтык технологиялар жана программалоо;
  • саламаттык сактоо, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы;
  • экономикалык жана социалдык чейре багыттары бонча адистер даярдалат.

Кабыл алуу параметрлерин жана окуу акысын университеттин өзү белгилейт. Курстун алкагында ишке ашырылып жаткан программалар чет элдик кесиптештер, анын ичинде Түркиянын алдыңкы университеттериндегилер менен биргеликте иштелип чыгаары айтылат. Ошондой эле окуу жайы биргелешкен программаларды ишке ашырып, илимий изилдөөлөрдү да жүргүзөт.

2025/2026-жылдары университетте билим берүү процесси Түркиядагы эң мыкты 1000 эл аралык рейтингге кирген жана өз тармагында лидер катары таанылган жогорку окуу жайлардын окуу пландарынын негизинде уюштурулат.

Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Өзбекстанда 70 ке жакын жеке жогорку окуу жайы бар.