Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгынын орчундуу маселелери талкууланды

Загрузка... 31 Январь 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-01-31 at 09.25.24.jpeg
copyright icon Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы

Ташкент, 31.01.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Борбор Азия боюнча эл аралык институттун директору Жавлон Вахабов менен кыргыз-өзбек кызматташтыгынын орчундуу маселелерин талкууланды. Бул тууралуу Ташкенттеги Кыргыстандын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Борбор Азия аймагынын өзгөчө мааниси, жүрүп жаткан оң өзгөрүүлөр жана жараяндар талкууга алынды. Аймак жигердүү түрдө калыптанып жатканы белгиленип, андагы өлкөлөр жалпы тынчтыкты, коопсуздукту жана гүлдөп өнүгүүнү камсыз кылууга кандайча салым кошо алары тууралуу пикирлер айтылды. Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жыл сайын өткөрүлүүчү консультациялык жолугушууларынын ролу өзүнчө белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы олутту жана орчундуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, саясий эрк жана прагматикалык кадамдардын, ошондой эки коңшу өлкөнүн лидерлеринин ортосунда түзүлгөн чын ыкластуу жана ишенимдүү мамилелерден улам мамлекеттер аралык байланыштардын бардык багыттарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктүн сапаттуу жаңы деңгээлине чыгып, достук, коңшулук жана өз ара колдоо рухунда иреттүү өнүгүүнү улантып жаткандыгы канааттануу менен баса белгиленди.

Ошондой эле эки өлкөнүн эксперттик-аналитикалык чөйрөлөрүнүн ортосундагы мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары да талкууланды. Жолугушуунун соңунда тараптар илимий-эксперттик алмашууларды активдештирүү максатында биргелешкен конференцияларды, тегерек столдорду жана башка маданий иш-чараларды өткөрүү тууралуу макулдашышты.