Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Алтындын дүйнөлүк биржадагы баасы тарыхта биринчи жолу унциясына 2,8 миң доллардан ашты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазууда.
Маалыматта айтылгандай, күн мурун алтындын биржадагы баасы кескин түрдө жогорулап, тарыхый рекорд жаңыланды.
Нью-Йорктогу Comex биржасынын маалыматына караганда, алтындын унциясы 2850 доллардан ашып, дээрлик 50% дан көтөрүлдү.
Серепчилердин айтымында, жаңы рекордго жеткен алтындын баасы экономикалык өсүш басаңдап, доллар ылдыйлап бара жатканы менен байланыштуу.
Ошондой эле 2025-жылы алтындын баасы 3 миң доллардан ашат дешет серепчилер.
Мындай көрүнүш биздин өлкө үчүн албетте оң таасирин тийгизет. Кыргызстанда быйыл дагы өткөн жылдагыдай 26 тонна алтын өндүрүлсө, алтындан түшкөн жалпы киреше 2 млрд АКШ долларынын тегерегинде болушу ыктымал.
Эске салсак, 2024-жылдын ноябрь айында алтын баасы 5% түшкөн.
Белгилей кетсек, былтыр президент Садыр Жапаров "Кыргызалтын” ишканасынын өлчөнгөн алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөнүнө барганда алтын куймаларын сатып алуу каражат салуунун ишенимдүү жана кирешелүү жолу экенин билдирип, аны сатып алууда эч кандай чектөө болбошу керектигин белгилеген.
Бүгүнкү күндө өлчөнгөн куймаларды бардык каалоочулар, башка мамлекеттердин жарандары да фирмалык дүкөндөн сатып ала алышат.